29 май 2024

Кароолор: 132

Медициналык камсыздандыруу

Медициналык камсыздандыруу алуу ар бир жаранга милдеттендирилет.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык бөлүмүнүн директору жана маалымат камсыздоо секторунун адистери тарабынан 2024жылдын 29-майында райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчилерине жана жарандардын катышуусунда “КР медициналык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, жарандар медициналык жактан милдеттүү түрдө камсыздандырылуусу керектиги жана ММК Полисин алуусу абзел экендиги тууралуу маалымат берилди.

Аталган жыйында Саламаттык сактоо кызматкерлери тарабынан эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүүнү күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлуп суроо жооптор менен коштолду.

Белгилей кетсек Милдеттүү медициналык камсыздандыруу алуу үчүн ар бир жаран жылына 1 миң 840 сом төлөйт. Ага камсыздандыруу полиси берилген соң, ошол жылы дары-дармек 50 пайыз жеңилдик менен берилет. Ооруканадагы кызматтар үчүн акы арзандатылып, үй-бүлөлүк медициналык борборлордогу дарыгерлерге акысыз көрүнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.