12 ноябрь 2024

Кароолор: 16

Молдо Нияз айыл аймагындагы Кыргыз-Кыштак айылынын Умай-Эне участкасынын эли менен жолугушуу өткөрүлдү.

Бүгүн аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында тиешелүү мекеме ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликти Умай-Эне участкасынын эли менен жолугушуу өткөрүлдү.

Умай-Эне участкасынын эли сугат суу, таза суу, жол, бала бакча, жолдорду ондоо жана башка социалдык маселелерди көтөрүп, жыйында ар бир суроого тийиштүү жетекчилердин катышуусунда жооп берилип, бир канча маселени жеринде чечүүгө шарт түзүлдү.

Ошондой эле, аким Б.Баяке уулу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндөгү 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №256 Жарлыка негиз 2024-жылдын 17-ноябрында өткөрүлүүчү шайлоого активдүү катышууга чакырып кетти.