12 ноябрь 2024
Кароолор: 19
Молдо Нияз айыл аймагынын Алга жана Адыр айылдарынын эли менен жолугушуу өткөрүлдү.
Бүгүн аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында тиешелүү мекеме ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликти Алга жана Адыр участкасындагы жергиликтүү тургундар менен жеринде жолугушуу өткөрдү.
Алга жана Адыр айылынын жергиликтүү тургундары тарабынан көйгөйлүү социалдык маселелер көтөрүлүп, жыйында ар бир суроого тийиштүү жетекчилердин катышуусунда жооп берилип, бир канча маселени чечүүгө шарт түзүлдү.
Ошондой эле, аким Б.Баяке уулу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндөгү 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №256 Жарлыка негиз 2024-жылдын 17-ноябрында өткөрүлүүчү шайлоого активдүү катышууга чакырып кетти.