02 октябрь 2024

Кароолор: 68

Молдо Нияз айыл аймагынын Кыргыз-кыштак айылында жашаган 100 жаштагы Шарапат энеден кабар алды.

Аким Б.Баяке уулу Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, генерал-майор Алимбаев Абдикарим Карбекович менен биргеликте Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылынын 100 жаштагы тургуну Шарапат Бөдөнова апага жолугуп, ал-абалын сурап, аны Карылар күнү менен куттукташты.

Ыйгарым укуктуу өкүл А.Алимбаев кылым карыткан Шарапат энеге чың ден соолук жана бакубат жашоо каалап, өлкө башчы Садыр Жапаровдун куттуктоо катын тапшырып. Аны менен катар генерал-майор А.Алимбаев өзүнүн жана аким Б.Баяке уулунун акчалай белегин биргеликте берди.