17 апрель 2025

Кароолор: 15

Молдо-Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрүлдү

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында, Молдо-Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чарага Молдо-Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, жер адис жана айыл тургундары катышып, жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан төмөнкү маселелер көтөрүлдү:

• Сугат суунун жетишсиздигин алдын алуу жана скважиналарды иштөөсүн көзөмөлгө алуу;

• Эскилиги жеткен мамыларды алмаштыруу маселеси;

• Айылдын социалдык көйгөйлөрү.

Аким Б.Баяке уулу жарандардын ар бир кайрылуусуна жеке көңүл буруп, тиешелүү мекеме жетекчилерине бул маселелерди кыска мөөнөт ичинде кароо жана чечүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле жыйындын соңунда жергиликтүү элди жигердүү болууга жана коомдук иштерге активдүү катышууга чакырды.