08 октябрь 2026

Кароолор: 7

Мугалимдер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

2026-жылдын 8-октябрында Кадамжай районунда жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Мугалимдер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мугалимдик кесиптин коомдогу өзгөчө орду, жаш муунга сапаттуу билим берүү жана татыктуу тарбиялоодогу мугалимдердин жоопкерчиликтүү эмгегинин мааниси белгиленди.

Майрамдык салтанатта Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А. Акматов билим берүү тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, жаш муундун билим алуусуна жана тарбиясына өзгөчө салым кошуп келе жаткан мугалимдерге Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин төш белгилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары тапшырды.