20 сентябрь 2024
Кароолор: 75
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 2024-жылкы ID үлгүсүндөгү паспорттор ыйгарылды
Райондук прокуратуранын талабына ылайык, 20-сентябрь күнү аким Б.Баяке уулу Кадамжай районунун прокурору А.Имангазиев менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы №384-т тескемесине ылайык 2004-жылкы (үлгүдөгү) ички паспортторду 2024-жылкы ID үлгүсүндөгү акысыз паспортторго алмаштыруу акциясынын негизинде Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагындагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги 69 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 2024-жылкы ID үлгүсүндөгү паспорттор ыйгарылды.
Мындан сырткары аким Б.Баяке уулу стационардык мекеменин учурдагы абалы жана жылуулук системасы менен жеринде таанышып чыкты