13 февраль 2024
Кароолор: 178
МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАРДЫ ТОКТОТУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү” №109 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” №56 Жарлыгынын алкагында райондун аймагында мыйзамсыз курулуштарды жоюу иштери жүргүзүлөт.
Бул максатта Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткандын жетекчилиги астында өткөрүлгөн жыйында тийиштүү ведомстволорго тапшырмалар берилип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилди.