27 март 2024

Кароолор: 34

МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАРГА БӨГӨТ КОЮЛАТ

   Кадамжай районунда унаа жолуна чыгып, курулган мыйзамсыз курулуш обьекттер мыйзамга ылайыктуу буздурулат. Бул тууралуу Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткан Уч-Коргон айыл аймагында өткөн көчмө жыйындын жүрүшүндө билдирди. Анда Уч-Коргон жана Масалиев айыл өкмөттөрүнүн башчылары, №46 жол тейлөө ишканасы, Кадамжай районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчыларына КРнын Президентинин “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү” №109, “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндөгү” №56 Жарлыктарын аткаруу тапшырмалары берилди. №46 жол тейлөө ишканасы учурда мыйзамсыз курулуштар аныкталгандыгын жана бузуу иштери аткарууга алына тургандыгын билдирди.

   Андан сырткары айыл аймактардын башчыларына жол боюндагы талапка жооп бербеген көрнөк-жарнактарды алуу, көчөлөрдүн тазалыгын сактоо, тартипке келтирүу жана башка тиешелүү тапшырмаларды райондун жетекчиси берип өттү.