03 сентябрь 2026

Кароолор: 2

Охна сайынын нугу тазаланып, чогулган ылай, таштанды жана башка тоскоолдуктар алынып, суу агымын жакшыртуу боюнча тиешелүү иштер аткарылууда.

КР ӨКМ тарабынан Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл аймагындагы калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана суу өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Охна сайынын жалпы 10 050 метр нугун тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

-Кудук ,Гараж, Кош-Дөбө айылдарындагы Охна сайынын 3050 метр Охна сайынын нугун тазалоо иштери аткарылды.

- Бостон, Жоо-Кесек, Кара-Кечүү жана Учкун айылдарындагы 7000 метр болгон Охна сайынын нугу тазаланууда.

Аталган иштер Кадамжай районунун аймагында сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана айылдардын инфраструктурасын коргоо максатында жүргүзүлүүдө.