06 август 2026

Кароолор: 7

ӨКМ министри Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы кооптуу тилкени жеринде көрдү

2026-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри К.К. Чыныбаев Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айыл аймагына иш сапары менен келди.

Иш сапардын жүрүшүндө министр Орозбеков айыл аймагындагы Учкун айылын аралап өткөн Охна сайынын жалпы узундугу 500 метрди түзгөн, жуулуп, бузулуу коркунучу жаралган табигый кооптуу жээк тилкесин жеринде көрүп чыгып, анын учурдагы абалы менен таанышты.

Иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин биринчи орун басары А. Акматов, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы А.А. Гыязов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.