26 февраль 2024

Кароолор: 160

ОКУУЧУЛАР ОРТОСУНДАГЫ ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДА БАШТАЛДЫ

 26-27-февраль күндөрү Кадамжай районундагы Семетей лицейинин базасында Баткен облусу боюнча предметтик олимпиада өткөрүлдү. Ага 3 шаар жана 3 райондордон жалпы 186 бала, анын ичинен 34 окуучу Кадамжай районунан билим таймашында күч сынашат. 

Олимпиаданын катышуучуларын Кадамжай районунун акими Баяке уулу Болоткан куттуктап, “Билимдүү муун-Кыргызстандын келечегинин ресурсу!” деген райондун жетекчиси билимге умтулган жаштар көбөйүүсүн каалады. Облустук олимпиаданын ачылуу аземине КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков район акими менен биргеликте катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында интеллектуалдык денгээли жогору, билимдүү балдар республикалык олимпиадага жолдомо алышат.