12 май 2025

Кароолор: 27

Онлайн форматтагы жыйын болуп өттү

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте онлайн жыйын өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралып, тиешелүү тапшырмалар берилди.

1. 500,0 млн сом эсебинен каржылануучу долбоорлорду Бирлик айыл аймагында, Айдаркен жана Кадамжай шаарларында аткарылышы жөнүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы №225 Тескемесинин иш-чаралар планына ылайык, Бирлик, Исхак-Полотхан айыл аймактарындагы чек арага чектеш айылдардага атайын жүргүзүлүп жаткан долбоорлордун аткарылышы жөнүндө.

3. “100 өнөр жай ишканасы 2025” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан Майдан, Исхак-Полотхан айыл аймактарындагы жана Айдаркен шаарындагы курулушу жүрүп жаткан объектилердин учурдагы абалы жөнүндө.

4. Ар түрдүү маселелер.