20 май 2024

Кароолор: 91

Оорунун алдын алуу

Оорунун алдын алуу маанилүү.

2024-жылдын 15- майында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы чукул эпидемия жана эпизоотияга каршы комиссиянын жана саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча райондук координациялык комиссиялардын отуруму болуп өттү. Анда райондун аймагында кутурма, эхиноккокоз, сарыктын А түрү, кызамык ооруларынын алдын алууга багытталган жана энеликти балалыкты коргоо боюнча профилактикалык иштердин жүрүшү тууралуу тийиштүү ведомстволор тарабынан маалыматтар берилди.

Жыйында о.э. КРнын Өкмөтүнүн “Иммунопрофилактика” программасынын аткарылышы талкууланып, эмдөөдөн баш тарткан жарандар арасында түшүндүрүү иштерин улантуу тиешелүү жетекчилерге тапшырылды.

Ал эми райондо эпизоотиялык абалды туруктуу кармоодо жолбун ээсиз иттерди атууну улантууну жана эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу тапшырмасы коюлду.