20 ноябрь 2024

Кароолор: 80

Оорунун алдын алуу маанилүү

2024-жылдын 19-ноябрында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча райондук координациялык комиссиясынын отуруму болуп өттү. Анда райондун аймагында бруцеллез, кистоздук жана альвеолярдык эхиноккокоз оорусу, сарыктын А түрү ошондой эле район аймагындагы суу түтүкчөлөрүнүн санитардык- гигиеналык абалы тууралуу тийиштүү ведомстволор тарабынан маалыматтар берилди.

Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан оорулардын көбөйүүсүн алдын алуу боюнча кеңири талкуу болуп, жыйынтыгында тиешелүү тармактарга тапшырмалар берилди.