13 июнь 2025

Кароолор: 49

Ормош айылында сугат суу маселеси чечилди

Бирлик айыл аймагына караштуу Ормош айылында дыйкандар көп жылдан бери көтөрүп келген сугат суу көйгөйү чечимин тапты. Өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган долбоордун алкагында айылда жаңы сугат скважинасы казылып, толук кандуу ишке берилди.

Бул маанилүү иш-чаранын алкагында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу, Бирлик айыл аймагынын башчысы, ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жаңы скважинанын иштеши жана техникалык абалы менен жеринен таанышып чыгышты.

Бул долбоор Ормош айылынын дыйкандары үчүн чоң жардам болду. Скважинадан чыккан суу айыл чарба жерлерине багытталып, эгин талааларын өз убагында сугарууга мүмкүндүк берет. Бул болсо түшүмдүүлүктү жогорулатууга, дыйкандардын эмгегин баалоого жана айыл экономикасын көтөрүүгө түздөн-түз өбөлгө түзөт.

💧 Бул — жөн гана суу эмес, бул эмгекти баалоо, эгиндин өсүшү, дыйкандын үмүтү. Эми Ормош айылынын дыйкандары өз эгин аянттарын убагында сугарып, жакшы түшүм алуу үчүн шарттарга ээ болушту.