04 июнь 2026
Кароолор: 3
Орозбеков айыл аймагында көтөрүлгөн маселелер жеринде каралды

2026-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Рахимов Орозбеков айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөргөн.
Жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди чечүү жана берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу максатында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Б.Баяке уулу, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте айыл аймагына барып, көйгөйлүү маселелерди жеринен карап чыкты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын кайрылуулары угулуп, тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди. Көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы көзөмөлгө алынды.