24 май 2025

Кароолор: 108

Орозбеков айыл өкмөтүндө ишкерлер тарабынан жаңы эс алуу багы ачылды.

Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүндө жеке ишкерлердин демилгеси менен “Wedding Garden” заманбап эс алуу жайы элге пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу катышып, ишкерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Өз сөзүндө аким, мындай демилгелер район тургундары үчүн маанилүү экенин белгилеп, келечекте да мындай эс алуу жайларынын көбөйүшүнө жергиликтүү бийлик колдоо көрсөтөрүн айтты.

Эс алуу багында жаңы 5 жумуш оруну ачылып, тургундарга майрамдык жана юбилейлик иш-чараларды өткөрүүдө ыңгайлуу шарттарды түзүп, жагымдуу маанай тартуулоого багытталган. Бул жай — жергиликтүү калктын бош убактысын пайдалуу өткөрүшүнө жана айылдын социалдык инфраструктурасынын өнүгүшүнө чоң салым болору күтүлүүдө.