19 июнь 2025
Кароолор: 25
Орозбеков айыл өкмөтүнүн Көтөрмө айылында жайлоо бала бакчасы уюштурулду.

Көтөрмө айылында ачылган жайкы бала бакча мектепке чейинки курактагы балдарга ойноо, билим алуу жана социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түздү. Мында балдар үчүн көнүгүүлөр, оюн-зоок иш-чаралар, билим берүү сабактары өткөрүлүп, алардын интеллектуалдык жана психо-социалдык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлдү.