17 февраль 2025
Кароолор: 42
Өрт коркунучун алдын алуу максатында практикалык машыгуу өттү

2025-жылдын 17-февралында КР ӨКМнин Кадамжай райондук бөлүмүнүн Өрткө каршы бөлүмчөсү тарабынан Исхак-Полотхан айыл аймагында жайгашкан Баяман Баатыр базарындагы соодагерлердин жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун алдын алуу, базар аймагындагы соодагерлердин мүлктөрүн өрт коркунучун алдын алуу максатында практикалык машыгуу өткөрүлдү.