13 май 2025
Кароолор: 20
Өрт кырсыгы сыяктуу күтүүсүз кырдаалдарда мамлекет жарандарын колдоону уланта берет.

2025-жылдын 18-мартында, өрт кырсыгынын кесепетинен турак жайы жабыркаган Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Ак-Өргө айылынын тургуну Ражапов Эрмек Кааровичке 231 063 сом өлчөмүндөгү төлөмдүн сертификаты тапшырылды.
Бул материалдык жардам Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу жана "Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун" Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы А.Султановдун катышуусунда ыйгарылды.
Жабырлануучуга көрсөтүлгөн бул колдоо – жарандардын коопсуздугун, турмуш-шартын жакшыртууга багытталган мамлекеттик саясаттын алкагындагы иштердин бир бөлүгү болуп саналат.