15 июнь 2026
Кароолор: 6
ӨРТ ӨЧҮРҮҮ КЫЗМАТЫНА – 100 ЖЫЛ, КУТКАРУУ КЫЗМАТЫНА – 35 ЖЫЛ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт өчүрүү кызматынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Куткаруу кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Кадамжай району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. Баяке уулу катышып, өзүнүн куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал өз сөзүндө өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулардын элдин өмүрүн жана мүлкүн сактоодогу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюудагы орду өзгөчө экендигин белгилеп, кызматкерлерди кесиптик майрамы жана мааракелери менен куттуктады.
Белгилей кетсек, 1926-жылдын 15-июнунда Фрунзе шаардык кеңешинин чечими менен өлкөдөгү алгачкы өрт өчүрүү кызматынын тобу түзүлүп, быйыл Кыргызстандын өрткө каршы кызматына 100 жыл толду. Ал эми Куткаруу кызматы түзүлгөнүнө 35 жыл болуп, өзүнүн тарыхында миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калууга чоң салым кошуп келет.
Салтанаттын жүрүшүндө өз кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарып, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлоо баракчалары тапшырылды. Иш-чара майрамдык маанайда өтүп, кызматкерлерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу иштеринде ийгиликтер кааланды.
Өрт өчүрүү кызматынын 100 жылдык жана Куткаруу кызматынын 35 жылдык мааракелери менен бардык кызматкерлерди жана ардагерлерди чын жүрөктөн куттуктайбыз!