30 июль 2026

Кароолор: 3

Өзбек Республикасынан келген жарандарга жайкы эс алуу мезгилинде коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кадамжай шаарындагы Пүлгөн автожол көзөмөл-өткөрүү пунктунда Өзбек Республикасынан келген жарандарга жайкы эс алуу мезгилинде коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө эс алуу жайларында сууга чөгүүнүн алдын алуу, өрт коопсуздугун сактоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча маалыматтар берилди. Жарандарга коопсуздук эрежелери камтылган маалыматтык брошюралар таратылып, өзгөчө кырдаал жаралган учурда көрүлүүчү аракеттер боюнча сунуштар түшүндүрүлдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты — жарандардын коопсуздук маданиятын жогорулатуу жана жайкы эс алуу мезгилинде мүмкүн болуучу кырсыктардын алдын алуу.