05 сентябрь 2025
Кароолор: 11
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында район аймагындагы айыл өкмөттөрдү кыдырып, жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышышты.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кадамжай райондук бөлүмүнүн башчысы Б.Тойгонов менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында район аймагындагы айыл өкмөттөрдү кыдырып, жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышышты.
Иш сапардын алкагында Исхак-Полотхан айыл аймагындагы сел сууларын тосуучу дамба чоң таштар менен бекемделди. Мындан тышкары, Актурпак айыл аймагында сел өткөрүүчү канал куруу иштери жүргүзүлүп, алардын сапаты жана аткарылышы көзөмөлдөндү.
Ошондой эле Орозбеков айыл аймагындагы Охна сел өтүүчү сайдын 7500 метр нугу тазаланды. Ал эми Бирлик, Майдан Актурпак, Үчкоргон, Масалиев айыл аймагындагы жана Кадамжай шаарындагы 21 сел жүрүүчү сайлар тазаланды.