17 июль 2024
Кароолор: 481
Район аймагында эхинококкокоз оорусун алдын алуу боюнча

Эхинококкоз оорусунан санитардык эрежелерди кармануу менен гана сактана алабыз.
Эхинококкоз альвеококкоз оорусу мите курт оорусу болуп саналат. Бул дарттын өтүшүп кеткен учурунда адам майып болуп калышы ыктымал, ошондой эле өлүмгө да дуушар болушу мүмкүн.
Учурда район аймагында эхинококкокоз оорусун алдын алууда Райондук санэпидкөзөмөл борбору , жалпы дарыгерлер практикалык борбору ветеринардык кызмат менен биргеликте бул оору менен курөшүүнү улантып келе жатат, биринчи эле максат жарандарды өз убагында профилактикалык жана диагностикалык текшерүүдөн өткөрүү, ооруларды өз убагында аныктоо жана дарылоо максатында иш чаралар жүргүзүүдө, бирок ага карабастан район аймагында эхинококкоз оорусу көп катталууда . Бул ооруну болтурбоо үчүн район тургундарынан оорунун алдын алуу үчүн үй жаныбарларды багууда ветеринардык эрежелерди туура сактап, өздүк гигиенага көңүл буруу керектигин суранабыз.
Ылаңдаган малдын боорун, өпкөсүн итке бербей, жерге терең көмүп салуу сунушталат жана Иттерди үч ай сайын ветеринариялык көзөмөлдөн өткөрүп турууну өтүнөбүз.