23 май 2024

Кароолор: 102

Район аймагында эпизотиялык абал жөнүндө

Учурда район аймагында эпизоотиялык абал туруктуу.

Район аймагында эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо максатында онлайн жыйын болуп өттү.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык комиссиясынын кезексиз отурумунда оорулардын алдын алуу үчүн эл арасында түшүндүү иштерин күчөтүү тапшырмасы коюлду.

Үй жана айыл чарба жаныбарларынын ооруларын алдын алуу жана болтурбоо үчүн, эмдөө жана диагностика жүргүзүү чараларын тыкыр көзөмөлгө алуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Онлайн жыйында о.э. ооруга чалдыккан малдарды ветеринардык көзөмөлгө алууну, ооруган малдын этин сатпоо боюнча элдин калың катмарына байма-бай түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүү жагы айтылтылды.

Айта кетсек, онлайн жыйын санариптештируу программасынын алкагындагы мамлекеттик кызматтардын ишинин натыйжалуулугун арттырып, ыкчам иштөөгө шарт түзүлүп жатат