16 июнь 2025
Кароолор: 19
Райондогу коомдук тамактануу жана эс алуу жайларында коопсуздук талаптарын текшерүү иштери жүргүзүлүүдө

"Район аймагындагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, өрт коркунучунун алдын алуу жана санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кадамжай райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан район аймагындагы чайканаларда, тамактануучу жайларда жана эс алуу мекемелеринде атайын мониторинг иштери жүргүзүлүүдө.
Мониторингдин жүрүшүндө жайлардын техникалык абалы, өрт коопсуздугу боюнча талаптарга шайкештиги, авариялык чыгуучу эшиктердин, өрт өчүргүч жабдуулардын, электр зымдарынын абалы, ошондой эле жалпы коопсуздук чаралары текшерилүүдө. Мындан сырткары, жай ээлерине жана кызматкерлерге коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү эскертүүлөр берилүүдө."