18 декабрь 2024

Кароолор: 77

Райондун аймагында үй- бүлөдөгү зордук- зомбулуктун алдын алуу, жөлөк пул алуучулардын даректүүлүгүн күчөтүү, жакырчылыкты азайтуу максатында атайын жыйын болуп өттү

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары С.Асанованын катышуусунда райондун аймагында үй- бүлөдөгү зордук- зомбулуктун алдын алуу, жөлөк пул алуучулардын даректүүлүгүн күчөтүү, жакырчылыкты азайтуу максатында атайын жыйын болуп өттү, Жыйынга райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соц адистери катышты. Жыйындын жыйынтыгы менен калктын социалдык жактан аялуу катмарынын санариптик картасын түзүүдө «СПМС» модулун толук кандуу карап чыгуу жагы, даректүүлүктү аягына чыгаруу, зордук зомбулуктун алдын алууда бир катар тапшырмалар коюлду.