14 июнь 2024
Кароолор: 102
Райондун аймагындагы соода түйүндөрүнө ККМ аппараттарын орнотуу иштери.

Бүгүнкү күндө райондун аймагындагы соода түйүндөрүнө жалпы 1744 ККМ аппараттары орнотулган, анын ичинен аппараттык ККМ 1371, ал эми мобильный ККМ 373 тү түзөт. Мамлекет тарабынан акысыз берилген ККМ аппараттарын райондун аймагындагы борборлоштурулган “Баяман баатыр” базарына 350 даана, Торговый базарына 50 даана жана Кадамжай базарына 50 даана соода сатык менен алектенген жеке ишкерлерге акысыз берүү пландалып, бүгүнкү күндө 69 даана ККМ аппараттары жеке ишкерлерге берилген жана ККМ аппараттарын берүү иш-чаралары уланууда.
Ал эми райондун аймагындагы соода сатык жайларында ККМ аппараттарын милдеттүү түрдө колдонуу жана 2024-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде иш жүргүзүү токтотула тургандыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте иш алынып барылууда.