29 ноябрь 2025
Кароолор: 2
Райондун өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.

Бүгүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында райондун өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке ишкерлерден келип түшкөн социалдык жана экономикалык долбоорлор каралып, колдоого алынды.
Эске салсак учурда райондун өнүктүрүү фонду 27 долбоорду каржылоого алган, анын ичинен социалдык 17, экономикалык 10 долбоорлор бар.