26 апрель 2024

Кароолор: 11

Сел кырсыктарын алдын алуу боюнча ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

    2024-жылдын 22-апрель күнү Кадамжай районунун аймагында нөшөрлүү жааган жаандын кесепетинен төрт айылда сел жүрдү. Тактап айтканда, Орозбеков айыл аймагынын Таш -Булак сайында 480 метр ички жолдорду, 170 метр сай жээктерин жана Кадамжай шаарындагы Анкур сайында 150 метр сай жээгинде о.э. Молдо Нияз айыл аймагынынын үч айылдарында жалпысынан 12 км ашык ички жолдорду сел алган. Алдын ала маалыматтар боюнча селден зыян тарткандар жана жабыркаган жарандар жок.

Учурда ӨКМнин Кадамжай райондук бөлүмүнүн, №46- Жол тейлөө ишканасынын жана жергиликтүү айыл аймактарынын атайын техникалары тартылып, жеринде механикалык тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми бүгүн 23-апрель КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, эрте менен саат 7:00дө , кечээ 22-апрелде келген селдин кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам жыйын өткөрдү.

Облус башчысы ыкчам кеңешмеде сел суулары жүргөн аймактарда аткарылып жаткан иштер боюнча район-шаар башчыларынын, ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын маалыматын угуп, жалпы жарандык коргонуу кызматтарына, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу, ыкчам аракеттерди көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды койду.