01 июль 2024

Кароолор: 78

Селден жабыркаган тургундарды коопсуз аймактарга көчүрүү

2024-жылдын 24-июнь күнү Кадамжай районунун Ак-Турпак, Молдо Нияз, Исхак-Полотхан, Орозбеков, Уч-Коргон айыл аймактарында болжол менен саат 17:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн.

Аким Б.Баяке уулу штаб мүчөлөрү жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылындагы 1000ге чукул кары картаң, аялдар жана жаш балдарды айылдагы коопсуз аймактарда жайгашкан туугандарынын турак үйлөрүнө жеке менчик уналар менен көчүрүү иштерин жүргүзүштү.