29 сентябрь 2026
Кароолор: 9
Социалдык долбоорлорду колдоо

Бүгүн, 2026-жылдын 29-сентябрында Кадамжай районунун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумда айыл өкмөттөрү тарабынан сунушталган долбоорлор каралып, 9,4 млн сомдук 4 социалдык долбоор колдоого алынды.
Долбоорлордун алкагында футбол аянтчасы, бала бакча, ден соолукту чыңдоочу аянтча курулат жана тигүү цехи ачылат.