13 сентябрь 2025
Кароолор: 8
Социалдык контракт боюнча убактылуу комиссиянын кезектеги жыйыны өткөрүлдү

Социалдык контракт алуучулардын долбоорлорун кароо боюнча убактылуу комиссиянын кезектеги 6-отуруму болуп өттү.
Отурумда комиссияга сунушталган долбоорлордун мазмуну жана жарандардын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү кеңири талкууланды. Ар бир долбоордун социалдык багыттулугу, калктын жашоосун жакшыртууга тийгизе турган таасири жана экономикалык негиздемелери эске алынды.
Комиссиянын чечими менен талаптарга жооп берген долбоорлор жактырылып, кийинки кадамдар боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.