22 июнь 2026
Кароолор: 3
Социалдык обьектилердин курулушу.

Бүгүнкү күнгө карата райондун аймагында жалпы 1975 орунга ылайыкташтырылган 7 мектептин курулуш иштери кызуу жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда Республикалык бюджет эсебинен 4 мектеп жана “Бүткүл Дүйнөлүк Банктын” каржылоосу менен (ERIK долбоору, АРИС уюму) 3 мектеп. Алар:
-Майдан айыл аймагындагы 500 орундуу «Кыргызстандын 10 жылдыгы» орто мектеби;
-Молдо Нияз айыл аймагындагы 375 орундуу Ак-Тилек орто мектеби;
-Бирлик айыл аймагындагы 150 орундуу Эшме орто мектеби;
-Орозбеков айыл аймагынын Ак-Кыя айылындагы А.Жалилов атындагы 375 орундуу орто мектеби;
-Майдан айыл аймагындагы 275 орундуу У.Исаков орто мектеби;
-Исхак-Полотхан айыл аймагынын Көк-Тал айылындагы 150 орундуу Достук орто мектеби;
-Кадамжай шаарынын Жийделик айылындагы 150 орундуу орто мектеби.
Аталган социалдык обьектилерди жылдын аягына чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.