15 февраль 2025

Кароолор: 53

Советтик Армиянын Афганистандан чыгарылышынын 36 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Бүгүн, 15-февралда, Кадамжай районунда Советтик Армиянын чектелген контингентинин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына арналган салтанат өттү.

Бул маанилүү саамалыкка Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Болоткан уулу, ошондой эле райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, анын жүрүшүндө Афган согушунун ардагерлерине сый-урмат көрсөтүлдү. Согуш талаасында курман болгон мекендештерибиздин арбагына багышталып Куран окулуп, эскерилди. Ошондой эле алардын элесине таазим катары асманга залп атылды.

Аталган иш-чара муундар байланышын бекемдөө жана тарыхый окуяларга болгон урмат-сыйды арттыруу максатында уюштурулуп, ата мекенди коргоонун ыйык милдет экендигин дагы бир жолу эске салды.