15 февраль 2026
Кароолор: 4
Советтик Армиянын Афганистандан чыгарылышынын 37 жылдыгына арналган иш-чара өттү!

Бүгүн, 15-февралда, Кадамжай районунда Советтик Армиянын чектелген контингентинин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган салтанат өттү.
Бул маанилүү саамалыкка Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М.Айтматов ошондой эле райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, анын жүрүшүндө Афган согушунун ардагерлерине сый-урмат көрсөтүлдү. Согуш талаасында курман болгон мекендештерибиздин арбагына багышталып Куран окулуп, эскерилди. Ошондой эле алардын элесине таазим катары асманга залп атылды.
Аталган иш-чара муундар байланышын бекемдөө жана тарыхый окуяларга болгон урмат-сыйды арттыруу максатында уюштурулуп, ата мекенди коргоонун ыйык милдет экендигин дагы бир жолу эске салды.