03 июнь 2024

Кароолор: 161

Спорттук иш- чаралар

Ден соолугу чың бала - өнүккөн өлкө! Балдарды коргоонун күнүн утурлай бир катар спорттук иш- чаралар да болуп өттү.

Кадамжай шаарында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы, Кадамжай шаардык мэриясы, балдар, өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан уюштурулган өспүрүмдөр арасында спорттун эркин күрөш түрү боюнча Эл аралык турнирдин ачылышы болуп, ага Кыргызстандын Нарын, Жалал Абад, Талас, Чүй облустарынан жана Өзбекстан республикасынан келген жаш спортчулар катышты.

Ошондой эле, өспүрүмдөр арасында спорттун кичи футбол түрү боюнча район аймагындагы 5-6- класстар арасында турнир уюштурулду. Мелдешке жалпысынан Кадамжай районунун аймагынан 15 команда катышты.