04 март 2025
Кароолор: 37
“Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндөгү” №207 токтомун райондун аймагында ишке ашыруу туурасында жыйын өткөрүлдү

2025-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндөгү” №207 токтомун райондун аймагында ишке ашыруу туурасында Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Б.Коргонбаевдин жетекчилиги астында, тиешелүү мекеме-ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, муниципалдык ишканалардын жана СПАлардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү.
Аталган жыйында ички чарбалык каналдарды мындан ары пайдалануу, 2025-жылдын жазгы талаа иштерине карата даярдыктарды жүргүзүү жана дыйкандарга сугат сууну өз убагында жеткирүү боюнча тапшырмалар берилди.