11 июнь 2026
Кароолор: 7
Сууга чөгүү жана өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кадамжай району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан район аймагында сууга чөгүү жана өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга суу объектилеринде коопсуздук эрежелерин сактоо, балдарды көзөмөлсүз калтырбоо, ошондой эле өрт коопсуздугунун талаптарын аткаруу боюнча кеңири маалымат берилди.
Мындан сырткары, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларга жол бербөө боюнча эскертүү баракчалары таратылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.