10 август 2023
Кароолор: 115
ТАБИГЫЙ КУБУЛУШТУН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 64 АДАМ ТАРТЫЛДЫ
Жамгырдын кесепетинен Алай районунун Белекбаев айыл аймагдагы Терек айылынан сел жүрүп, 1 үйдүн жер төлөсүнө, 33 үйдүн короосуна, 3 социалдык объектинин короосуна кирип, Сопу-Коргон айылы менен Терек айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолдун 7 чакырымынын 3 тилкесинде сел калдыктары жолду жаап каттам үзүлгөн. Ошондой эле электр мамычасын сел агызып, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн жалпысынан 64 адам тартылып, анын 53ү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери.
Учурда ӨК министринин орун басары полковник У.М.Шамырканов жеринде координациялоо иштерин жүргүзүүдө.
Тартылган ыкчам топ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, техникалардын жардамы менен Сопу-Корго — Терек унаа жолунун 2,5 чакырым аралыгы тазаланып, бир тараптуу каттам ачылды. Мында сырткары электриктер тарабынан электр жарыгы калыбына келтирилди.