07 ноябрь 2024
Кароолор: 22
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын акими Б.Баяке уулунун кайрылуусу
Урматтуу Кадамжай районунун тургундары!
Ата-бабаларды эскерүү, алардын эмгегин баалоо жана урматтоо биздин негизги милдетибиз.
Бул күнү биз алардын жашоодогу салымдарын эстейбиз, муну менен өзүбүзгө алардан үлгү алабыз. Артка кылчайып, өзүбүзгө баа беребиз.
Эгемен Кыргызстандын эли үч миң жылдан ашуун тарыхы бар дүйнөдөгү эң байыркы элдердин катарына кирет. Адамзат тарыхындагы канды-булоон, далай кыргын-талоон согуштарга карабай, өз жүзүбүз, эне тилибиз, нарк-насилибиз жана даңазалуу тарыхыбыз менен сакталып келе жатабыз.
Биз ата-бабаларыбыздын ишенимин актоо, алардын нарк-насилдерин урматтоо менен өлкөбүздүн бакубат келечегин камсыздай алабыз. Тарыхтан сабак алып, мурас болуп калган баалуулуктарды сактоо жана аларды келечек муундарга өткөрүү-биздин ыйык милдетибиз.
Бүгүнкү мамлекетибизди Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдыракманов, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов өңдүү интеллигенциябыздын өкүлдөрү түптөп кеткенин эч качан эсибизден чыгарбайбыз. Тилекке каршы, кайран кишилер кандуу репрессиянын курмандыгы болушкан. Ошондон улам, 7-ноябрь дал ушул саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленип келет.
Тарыхты билмейинче, келечекти көрө билүү мүмкүн эмес деп айтылат.Анын сыңарындай, эртеңки жаркын келечегибиз үчүн ар бир кыргыз жараны өз тарых-таржымалын так билип, ата-бабаларыбыз түптөп кеткен мамлекетибизди көздүн карегиндей сакташы абзел!
Тарыхты терең түшүнүү жана анын сабактарын эске алуу менен гана Кыргызстан келечектеги өнүгүүнүн багыттарын туура аныктап, болочок муун үчүн бекем негиз түзүп, азыркы дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлей алат.
“Жараткан ыроологон эгемен мамлекетибиздин телегейи тегиз, келечеги кең болсун!”.