20 май 2024
Кароолор: 81
Тазалык районубузга, районубуз баарыбызга!

Тазалык районубузга районубуз баарыбызга!
Кадамжай районунда 2024-жылдын 4- апрелинде көрктөндүрү, санитардык жактан тазалоо боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында массалык ишембилик өткөрүлүүдө.
Ишембиликке райондук мекеме-ишканалар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары активдүү катышып шаар, айыл аймактар тазаланды.
Район аймагындагы мекемелердин кызматкерлери бекитип берилген участоктордо тазалоого өз салымдарын кошушту.
Ишембиликке жалпысынан 200дөн ашуун адам катышты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык тазалык ишкананаларынын атайын техникалары тартылып, түшкө чейин 3 тоннага жакын таштанды чыгарылды. Чогултуу иштери уланууда.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы райондун тургундарын районду тазалоого активдүү катышууга чакырат.