20 май 2024
Кароолор: 84
“Тазалык сенден башталат” деген урааны менен акция болуп өткөрүлгөндүгү жөнүндө

“Тазалык сенден башталат” деген урааны менен акция болуп өттү.
Бүгүн 2024-жылдын 11-май күнү Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жөнүндө буйругуна ылайык Кадамжай райондук жаштар комитетинин мүчөлөрү, аялдар кеңештери болуп жалпысынан 100дөй адам “Тазалык сенден башталат”, "Тазалык шаарыбыз үчүн, шаарыбыз баарыбыз үчүн", "Сен таза болсоң, мен таза болсом- коом да таза болот" аттуу ураандын астында Кадамжай шаарында жөө жүрүш болуп өттү.
Жүрүштүн негизги максаты район тургундарын тазалыкка чакыруу, көчөт отургузууга үндөө, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакыруу.
Урматтуу район тургундары! Сураныч тазалыкты сактаңыздар.Райондогу тазалык ар бирибизден башталат.