11 апрель 2026

Кароолор: 8

Тазалык — жалпы маданияттын көрсөткүчү.

Тазалык — жалпы маданияттын көрсөткүчү.

2026-жылдын 11-апрелинде Кадамжай районунда чоң масштабдагы ишембилик уюштурулуп, өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында район аймагындагы мекеме-ишкана кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана жаштар активдүү катышып, айлана-чөйрөнү тазалоо, көчөлөрдү ирээтке келтирүү, таштандыларды жыйноо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүшүүдө.

Ишембиликтин негизги максаты — аймактын санитардык абалын жакшыртуу, экологиялык маданиятты жогорулатуу жана жарандардын коомдук жоопкерчилигин күчөтүү болуп саналат.

Мындай иш-чаралар Кадамжай районунда туруктуу негизде өткөрүлүп, аймакты көрктөндүрүүгө жана таза кармоого өбөлгө түзөт.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы бардык тургундарды айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана коомдук иштерге активдүү катышууга чакырат.