07 июль 2026
Кароолор: 15
Тиричилик калдыктарын таштоочу жайларда санитардык жана экологиялык талаптардын аткарылышы, таштандылардын иреттүү жайгаштырылышы жана аймактын тазалыгы текшерилди.

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Айдаркен шаары жана Бирлик айыл өкмөтүндө мектептерде жана бала бакчаларда жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштерине, мал союлуучу жайлардын жана катуу тиричилик калдыктарын таштоочу жайлардын абалына жеринде мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө билим берүү мекемелериндеги оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү, аткарылып жаткан иштердин сапаты жана объектилердин жаңы окуу жылына даярдыгы каралды. Ошондой эле мал союлуучу жайлардагы санитардык-ветеринардык талаптардын сакталышы, ал эми катуу тиричилик калдыктарын таштоочу жайларда санитардык жана экологиялык талаптардын аткарылышы, таштандылардын иреттүү жайгаштырылышы жана аймактын тазалыгы текшерилди.
Жыйынтыгында тиешелүү мекеме-ишканаларга оңдоп-түзөө иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү, мал союлуучу жайларда санитардык талаптарды так сактоо, катуу тиричилик калдыктарын таштоочу жайлардын ишин тартипке келтирүү, аймактарды тазалоо иштерин күчөтүү жана аныкталган кемчиликтерди ыкчам жоюу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Берилген тапшырмалардын аткарылышы көзөмөлгө алынды.
Урматтуу Кадамжай районунун тургундары!
Билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына сапаттуу даярдоо, санитардык талаптарды сактоо жана айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылуу – жалпыбыздын милдетибиз. Таштандыларды атайын белгиленген жайларга гана таштап, коомдук жайларда тазалыкты сактоого жана жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырабыз.