27 февраль 2025
Кароолор: 46
Топурактын асылдуулугун жогорулатуу, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкеч, илдет жана отоо чөптөрдөн коргоо боюнча практикалык иш-чара болуп өттү.

2025-жылдын 27-февралында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулунун демилгеси менен жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти менен биргеликте Баткен облусунун Кадамжай районунда “Топурактын асылдуулугун жогорулатуу, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкеч, илдет жана отоо чөптөрдөн коргоо” боюнча практикалык семинар болуп өттү. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору Т.Т.Кубанычбеков жана департаменттин атайын адистери келип, облустун аймагынан келген дыйкан фермерлерге бак-дарактарды туура химиялаштыруу, топурактын асылдуулугун жогорулатуу жана айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкеч, илдет жана отоо чөптөрдөн коргоо тууралуу түшүндүрмөлөрдү берди.
Андан тышкары райондун аймагындагы банктардын өкүлдөрү тарабынан айыл чарба багытында жеңилдетилген насыялар тууралуу кеңири маалыматтар дыйкандарга берилип, суроо жооптор болуп өттү.