30 январь 2025
Кароолор: 18
Туризмди - кол өнөрчүлүк менен өнүктүрүүгө болот

Корея Республикасынын ЮНЕСКОнун (ICHCAR) колдоосу алдындагы Азия-Тынч океан аймагынын материалдык эмес маданий мурастардын эл аралык маалыматтык-тармактык борбору менен биргеликте “Кыргыз Республикасында салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг дараметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү” долбоору ишке ашырылып жатат.
Бул долбоордун алкагында республика боюнча жалпы кол өнөрчүлүктүн маалымат базасы түзүлөт. Буга байланыштуу биздин районубузда да кол өнөрчүлөрүбүз арбын. Бүгүн кол өнөрчүлөрүбүз өздөрүнүн өндүргөн буюмдары менен тааныштыруу менен ушул маалымат базасына кирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.