29 май 2025
Кароолор: 39
Тынчтык, достук жана кызматташтык — жаштар келечеги үчүн!

28–31-май Кадамжайда өзгөчө маанидеги иш-чара — "Тынчтык, достук жана кызматташтык — жаштар келечеги үчүн" аттуу эл аралык жаштар фестивалы старт алды.
Бул маанилүү жыйынга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Кыргызстандын 7 облусунан келген жаштар катышып, ынтымак, маданият жана кызматташтык багытында баалуу тажрыйба жана демилгелер менен бөлүштү.
Иш-чараны Кадамжай районунун акими Болоткан Баякеевич өзүнүн куттуктоо сөзү менен ачып, жаштарды майрам менен куттуктады. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү да жаштар менен баарлашып, өз колдоолорун билдиришти.
Бул фестиваль жаштардын демилгеси, Кадамжай райондук администрациясынын акиминин колдоосу жана төмөнкү уюмдардын каржылык көмөгү менен уюштурулду:
Тынчтык демилгелери коомдук бирикмеси, Saferworld IDEM, IDEA.Ошондой эле жергиликтүү деңгээлде да колдоочулар болду: ДубаТаш ЖЧК, Баяман баатыр базарынын жетекчилиги.
Бул иш-чара жаштар арасында достукту бекемдеп, тынчтыкты жана чогуу өнүгүүнү чыңдоого чоң кадам таштады!