07 июль 2026

Кароолор: 10

Уч-Коргон айыл аймагында тазалык жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү

Уч-Коргон айыл аймагында тазалык жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү

Уч-Коргон айыл аймагында аймактын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында тазалоо иштери уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында таштанды топтолгон жайлар тазаланып, аймактагы негизги жолдордун жээктери ирээтке келтирилди. Ошондой эле көчөлөрдөгү көрнөк-жарнактар, маалыматтык тактайчалар жана башаламан жайгашкан жарнамалык материалдар ирээттелди.

Жүргүзүлгөн иштер коомдук жайлардын тазалыгын камсыз кылууга, айлана-чөйрөнү коргоого жана айыл аймагынын санитардык абалын жакшыртууга багытталды.

Уч-Коргон айыл өкмөтү мындан ары да тазалык жана көрктөндүрүү багытындагы иштерди улантып, аймактын тыкандыгын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзөт.

Ошондой эле бардык тургундарды айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга, таштандыларды белгиленген жайларга чыгарууга жана айылдын тазалыгын сактоого активдүү катышууга чакырат.